Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдөрдүн жетекчилери, кызматкерлери Ч. Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинин негизинде сахналаштырылган спектаклин көрүп келишти.
Спектакль Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрыннда болуп өттү.
Спектаклге катышуудагы негизги максат Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгынын аткарылышын камсыздоо жана «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолудун принциптерин жайылтуу, Мамлекеттик тилди колдонууну өнүктүрүү, Ч.Айтматовдун чыгармалары жана ошондой эле айыл чарбасында ошол кездеги жаштардын эбегейсиз кошкон салымын жаштар, мамлекеттик кызматкерлер арасында жайылтуу. Ошону менен бирге иш-чара кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын жаштар арасында жандандырууга багытталган.
Мындай спектакль жөн гана көркөм чыгарма эмес, кесиптик этиканы, коомдук жоопкерчиликти жана улуттук баалуулуктарды айкалыштырган таасир калтыруучу тарбиялык аянтча болуп кызмат кылат.

