Бул тууралуу Билим берүү академиясынын вице-президенти Мелис Музулманов билдирди.
Анын айтымында, бул предметтин ичине химия, биология, физика сабактары кирет.
«Илим сабагы 1-класстан 9-класска чейин окутулат. Азырынча бул үч предмет боюнча мугалимдер бир китептин алкагында окута берет. Кийинчерээк илим сабагы боюнча атайын адистер университеттер менен биргеликте даярдалат», — деди ал.
Ал эми 10-11-12-класстарга химия, биология, физика сабактары профилдик окутуу катары өзүнчө өтүлө баштайт.

