Ички иштер министрлиги акыркы убактарда социалдык тармактарда ар кандай чагымчыл билдирүүлөр көбөйүп жатканын айтып, жарандарды маалымат таратууда жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
Министрлик билдиргендей, талкуу жаратып жаткан негизги маселелердин бири — быйыл Ысык-Көлдө өтө турган дүйнөлүк F1H2O кайыктар жарышы. Бул мелдеш буга чейин Европа, Түштүк-Чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө өткөрүлүп келген эл аралык деңгээлдеги престиждүү чемпионат экени белгиленди.
ИИМ уюштуруучулар мындай иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздук, инфраструктура жана экономикалык туруктуулук сыяктуу критерийлерге көңүл бурарын, Кыргызстан ушул талаптарга жооп бергендиктен тандалганын билдирди.
Ошондой эле соцтармактарда айтылып жаткан “экологияга зыян келет” деген билдирүүлөр негизсиз экени маалымдалды. Анткени жарышка катышуучу бир моторлуу кайыктар заманбап технология менен жабдылып, майдын сууга агып кетишине жол берилбей турганы айтылды.
Министрликтин маалыматына ылайык, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө 40 жылдан ашык убакыттан бери өтүп келе жаткан бул чемпионаттан экологиялык зыян катталган эмес.
Мындан тышкары, ИИМ соцтармактардын кыргыз сегментинде улут аралык кастыкты жана жек көрүүнү күчөткөн билдирүүлөр көбөйүп жатканын белгиледи. Айрыкча чет өлкөлүк жумушчулар тууралуу чагымчыл маалыматтар тарап жатканы айтылды.
Учурда өлкөдө “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу, “Асман шаары”, “Камбар-Ата–1” сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылып жаткандыктан, аларга чет өлкөлүк адистер жана жумушчу күчү тартылып жатканы маалымдалды.
ИИМ алардын бардыгы тиешелүү уруксат документтери жана визалар менен мыйзамдуу негизде келип жатканын, мамлекеттик көзөмөлдө турарын билдирди. Ошондой эле долбоорлор аяктагандан кийин чет өлкөлүк жумушчулар өлкөдөн чыгып кетери кошумчаланды.
Министрлик жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого, чагымчылдыкка алдырбоого жана мыйзам чегинде аракет кылууга чакырды.

