VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өз-өзүнчө дисциплина катары уюштурулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Буга чейин маданият министри Мирбек Мамбеталиев көк бөрү менен көкпардын эрежелерин бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан, бирок анда так чечим чыга элек болчу. Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ачылыш аземи Бишкектеги жаңы «Бишкек Арена» стадионунда, ал эми спорттук оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.

