Коррупциялык көрүнүштөр орун алган учурда ИИМге кайрылыңыз


Урматтуу жарандар!
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы (ИИК) туруктуу негизде коррупцияга каршы, анын ичинде опузалап талап кылуу жана кыйноо фактыларына байланышкан иштерге каршы күрөш жүргүзүп келе жатат. КР ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери тарабынан коррупциялык көрүнүштөр орун алган учурда, токтоосуз түрдө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына (ИИК) төмөнкү байланыш телефондору боюнча кайрылууңуздарды суранабыз.
КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын “Ишеним телефону”
б.т.: 0704-99-99-18
Бишкек шаары боюнча бөлүм – 0701 00 18 38 (WhatsApp);
Ош ш. жана Ош облусу боюнча бөлүм – 03222 48119, 03222 48165;
Чүй облусу боюнча бөлүм – 36-88-83, 68-19-01, 36-88-01;
Ысык-Көл облусу боюнча бөлүм – 0703 41 30 33 (WhatsApp);
Нарын облусу боюнча бөлүм – (03522) 5-09-24;
Талас облусу боюнча бөлүм – 0707 70 79 06 (WhatsApp);
Жалал-Абад облусу боюнча бөлүм – (03722) 70385;
Баткен облусу боюнча бөлүм – (03622) 5-02-27.