21-февраль күнү Бишкектеги жаңы конуштардын биринде 25 жаш чамасындагы аялдын зомбулуктун белгилери бар сөөгү табылганы тууралуу маалымат Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) келип түшкөн.
Милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кыз алгач зордукталып, анан өлтүрүлгөнүн аныкташкан.
Маалыматтарга караганда окуя 21-февраль күнү болгон.
«Үйдө бир кыз жана бир нече жигит бар болчу. Алар спирт ичимдигин ичишкен. Жигиттердин бири кызды зордуктап, андан кийин кыз кыйкырып, жаңжал чыгарганда өлтүрүлгөн. Аны өлтүргөндөн кийин дагы бир жигит зордуктаган», — деп айтылат маалыматта.
Бул иш боюнча аталган РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов РИИБдин кызматкерлери бул ишке шектүү катары 29 жаштагы К. Б., 23 жаштагы К. А. жана П. Б. аттуу адамдарды аныктап, кармашкан.
Алар милициянын убактылуу камоочу жайына киргизилгени, иликтөө иштери уланып жатканы кабарланды. Киши колдуу болгон кыздын тек-жайы, окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалымат берилген жок.

