Бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен региондорунун көпчүлүк жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +30…+35, Баткенде +29…+34, Талас жергесинде +28…+33, Ысык-Көлдө +23…+25, ал эми Нарын регионунда +22…+27 градусту көрсөтөт.
Бул күнү Бишкек, Ош, Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31…+33, Ош калаасында +33…+35 градус ысыйт, ал эми Чолпон-Атада +21…+23 градус жылуу болот.

