Эми адал индустриянын талаптарын бузгандарга айып салынат


Быйылкы жылдын 15-июнунан тартып Кыргызстанда адал индустриянын талаптарын бузган тараптарга айып салынат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Тиешелүү өзгөртүүлөр Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген. Ага ылайык, стандартты сактабагандар 7 500 сомдон 23 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Ошондой эле текшерүүсүз адал сертификатын бергендерге 65 миң сом айып пул каралган.
Мындан тышкары, мал багуу менен союунун эрежесин бузуу, керектүү документтин жоктугу, жасалма сертификат үчүн жоопкерчилик киргизилди.