Бишкекте оюнчук курал менен майда бейбаштык кылган үч киши кармалды


12-июнга караган түнү Бишкектеги Ч. Валиханов көчөсүндө милиция кызматкерлери майда бейбаштык үчүн 1998-жылы туулган С.Т., 1999-жылы туулган Т.К. жана 1998-жылы туулган А.С. аттуу жарандарды кармашты.

Видео соцтармактарга тараган, алардын биринин колунда автомат бар экени көрүнөт.

Шаардык милиция билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө бул оюнчук экени аныкталды.

Кармалгандарга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.