13-июнга карата аба ырайы


Бүгүн Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Ал эми Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35. Таласта +26…+31 градус болот. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында 29…+34 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө +21…+26, ал эми Нарында +18…+23 градуска жылуу болору айтылды.
Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +32…+34 градуска жткен ысык болот.