Кадамжайда ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды


Маалыматка ылайык, ал анын беш автоунаасын сатып берүүнү убадалап алып кеткен. Мындан тышкары, ортодон 3,5 млн сом карыз алып, изин суутуп кеткен.

Тергөөдө 5 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталган.

Шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын 45 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.