Рустам Балтабаев «Ногойбой Ата» кооперативинин эт багытындагы долбоору менен таанышты


Айыл чарба министринин орун басары Рустам Балтабаев «100 өнөр жай ишканасы — 2026» тизмесине кирген объектилерди кыдыруу үчүн Талас облусуна барды. Анын алкагында жергиликтүү бийлик органдарынын демилгеси менен Манас районундагы «Ногойбой Ата» айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кооператив эт багытындагы аулиекөл породасындагы асыл тукум ири мүйүздүү малды өстүрүүгө адистешкен. Долбоордун алкагында келечекте 1000 башка чейин эсептелген бордоп семиртүүчү аянтчаны куруу пландалууда. Бул өз кезегинде сапаттуу эт өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана аймактын мал чарбачылык тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жер тилкесин бөлүп берүү жана тариздөө, тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундуларын алуу процесстерин тездетүү маселелери талкууланды. Ошондой эле кооперативди агроөнөр жай комплексиндеги кластердик механизмдерге кошуу жана өндүрүштөн тартып сатууга чейинки чынжырга интеграциялоо боюнча маселелер каралды.