Кашка-Сууда каналга түшүп кеткен жаран изделүүдө


Чүй облусунун Кашка-Суу айылында каналга түшүп кеткен жаран изделүүдө.

Маалыматка ылайык, 20-июнда Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылындагы каналга 31 жаштагы аял киши болжол менен саат 08:20 чамасында түшүп кеткен.

Жерине издөө-куткаруу иштерине жалпы 54 адам тартылган.

Учурда издөө иштери жүрүп жатат.