Бишкек — Суусамыр — Ош унаа жолунун Өтмөк жана Ала-Бел ашууларынын ортосунда үч марал байкалды. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, жаныбарлар Кыргызстанга 2022-жылы Орусиянын Алтай крайынан алынып келип, Талас облусундагы «Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркына жайгаштырылган.
Маралдардын ашуулар аймагында жүргөнүн жергиликтүү малчылар кабарлашкан. Жакынкы убакта аларды кайра жаратылыш паркына кайтаруу пландалууда. Министрлик маралдар Кызыл китепке кирерин эскертип, аларга зыян келтиргендерге кылмыш жоопкерчилиги жана 1,5 миллион сом өлчөмүндө зыян төлөтүү каралганын билдирди.

