Садыр Жапаров Жумгал районунун жетекчилигине жергиликтүү маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун активи жана тургундары менен жолугушуп, район жетекчилигине жергиликтүү маанидеги социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Жумгал районунун урматтуу тургундары!
Өлкөбүздүн өткөн жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарып, жасалган иштерге канааттануу менен эле отуруп калбай, 2030-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын кабыл алып, алдыга коюлган иш-пландарыбыз боюнча облустарда, райондордо жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге көңүл бурууну, элет жериндеги тургундарыбыз менен көзмө-көз жолугушуп, ал-акыбал сурашууну туура таап, алгач Ош облусуна сапар тартып барып келгенимди билесиздер.
Бул жолу Нарын өрөөнүнө болгон иш сапарымды көмүр казуу тармагында негизги региондордун бири, өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативдүү жолдун боюндагы Сиздердин кең Жумгал аймагынан баштап олтурам.
Масштабдуу алганда, бул эки тармак тең мамлекетибиздин ички дүң продукциясынын өсүшүнө бир топ салым кошот. Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууда жана экономикалык өнүгүүдө өзүнүн орду бар стратегиялык объекттер, ички жүк ташуудан баштап, транзиттик агымды тең салмактай турган, аймактарынын ортосундагы экономикалык гана эмес, социалдык-маданий жана ички туристтик байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ альтернативдүү жол Жумгал районунун жаркын келечегин камсыздайт.
Мына ушундай артыкчылыктуу тармактары менен жалпы республикабызга жакшы таанымал, орошон таланттарга бай кең Жумгалдын эли, амансыздарбы?
Урматтуу мекендештер!
Алгач сөзүмдү Нарын облусунун бюджетинен баштайын. 2021-жылы облус бюджетинин көлөмү 960 млн сомду түзсө, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен ал 2 млрд 334 млн сомдон ашты. Башкача айтканда, 2,5 эсеге өстү.
Жыл сайын өсүп бараткан мындай көрсөткүчтөргө бюджет түзүүчү тармактарды тартипке келтирип, көзөмөлдү күчөтүп, жоопкерчиликке басым жасалгандыктан, улам жетишип келебиз. Мына ошондуктан, республиканын консолидацияланган бюджети 2025-жылы 1 триллион 100 миллиард сомдон ашып олтурат.
Нарын облусунун бюджети 2025-жылы 2,3 млрд сом болуп бекитилгени менен, жыл соңунда облуска 7 млрд 680 млн сом бөлүндү.
Башкача айтканда, бекитилген бюджеттен 3 эсе көп каражат берилди.
Натыйжада, республика аймагында көзгө көрүнөрлүк иш-аракеттер менен кошо бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин, анын ичинде Нарын облусундагы мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана аскер кызматындагылардын маяналарын ырааттуу жогорулатууга жетиштик. Пенсионерлерибиз бүгүнкү күндө жашоо минимумунан жогору пенсия алышат.
Биз бүгүн да кандай мүмкүнчүлүк болуп калса эле айлык акыларды, пенсия менен жөлөкпулдарды жогорулаталы деген ниеттебиз. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин эмгек акыларын дагы көбөйтүү боюнча Жарлыгым чыкканын билесиздер.
Мындай иш-аракетибиздин бардыгы жер-жерлердеги мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүн жакшыртат деген тилекте жасалып жатканын баса белгилеп кетейин.
Урматтуу агайын-туугандар!
Акыркы беш жыл ичинде республикабыз туруктуу өнүгүү жолуна түштү, анын ичинде Жумгал районунда дагы бир топ иштер жасалды. Маселен, республикабыздын көпчүлүк бөлүгүн көмүр менен камсыз кылган Жумгал районунда 2020-жылы 750 миң тонна көмүр өндүрүлсө, жаңы көмүр кендеринин ишке кирүүсү менен 2025-жылга карата 2 млн 445 миң тонна казылып, 2020-жылга салыштырмалуу 1 млн 286 миң тоннага көмүр көп казылды же көмүр казуу көлөмү 191% өстү.
Бүгүнкү күндө Жумгал районунун аймагында курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында 2 млрд 833 млн сомдук жумуштар жүрүп жатат.
Мунун ичинен курулуш тармагында эле учурда 4 курулуш объектиси салынууда жана 14 социалдык объекти боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалып, жакынкы мезгилде курулуш иштери башталары күтүлүүдө.
Соңку беш жылда мектеп, бала бакча, ФАП жана башка 15 социалдык объект пайдаланууга берилди.
Райондун аймагындагы эл аралык маанидеги Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 143 чакырымына асфальт басылса, акыркы 5 жылда курулуп жаткан бул жолдон үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен жана республикалык бюджеттен жалпы 35 чакырым ички жолго асфальт төшөлдү.
Учурда менин демилгем менен мамлекеттик маанидеги Сары-Булуң –Миң-Куш автожолунун 22 чакырымына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Район тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында АРИСтин Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында район аймагындагы 7 айылдын таза суу системасын реабилитациялоо жумуштары 595 млн 600 миң сомго жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары 3 айылга таза суу тартуу боюнча тендер жарыяланып, жеңүүчүсү аныкталып, келишим түзүлдү. 8 айылдын таза суу системасын куруу боюнча иш кагаздары даярдалууда.
Ардактуу замандаштар!
Энергетикалык потенциалы жогору болгон Жумгал районунда учурда 1200 мегаваттык “Кара-Кече” жылуулук электр станциясынын курулушун баштоо алдында турабыз. Буюрса, долбоор ишке ашканда, аймактын энергетикалык коопсуздугу бекемделгенден тышкары, өлкөнүн энергетика секторунун өнүгүшүнө өбөлгө болмокчу.
Райондун аймагында жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында Жумгал районунун өнүктүрүү фондуна 2021-жылдан тартып 247 млн сом түшүп, социалдык-экономикалык жана инфратүзүмдүк багыттагы 84 долбоор каржыланды.
Административдик аймактык реформанын биринчи этабынан кийин айыл өкмөттөрдүн ишин жакшыртуу, техникалык базасын чыңдоо максатында Жумгал районунун жаңы түзүлгөн алты айыл өкмөтүнө 10 млн сомдон акча каражаты бөлүнүп, жалпы 60 млн сомго атайын техникалар сатылып берилди.
Сиздердин район илгертен эле айыл чарбасы, мал чарбачылыгы өнүккөн аймак болуп саналат. Бүгүн да эң приоритеттүү тармак – бул айыл чарбасы. Мал чарбачылыгы, эт жана сүт өндүрүшү – райондун экономикасынын өзөгүн түзөт. Кудайга шүгүр, акыркы жылдары жалпы эле Нарын облусунда, анын ичинде Жумгалда дагы малдын саны көбөйүп, өндүрүш көлөмү артты. Жумгал району айыл чарбасына ыңгайлуу регион болгондуктан, эт, сүт, бал, тоют жана мөмө-жемиш кластерлерин түзүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатат.
Буга мисал катары, “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу” долбоору менен “Көчмөн Азыгы” сүт заводун атап кетсек болот.
Мына ушул айыл чарбасын өнүктүрүүдө ирригация тармагына көңүл буруу өзгөчө мааниге ээ экенин жакшы билесиздер. Жумгалда соңку беш жылда сугат тармагында 1 млрд 18 млн 599 миң сомго жакын иштер аткарылды.
Быйыл, буюрса, “Түгөл-Сай” суу сактагычын ишке берели деп турабыз. Мунун натыйжасында 3208 гектар жерге сугат суусун берүү жакшыртылып, 1500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.
Жумгал районунун урматтуу тургундары!
Калкты жакырчылыктан чыгаруу боюнча “социалдык контракт” долбоору аркылуу сиздердин райондо 681 жаран 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин каражат алышты. Мындан тышкары “социалдык контракт” менен каражат алган жарандарга ишкерлигин дагы жогорулатууга көмөктөшүү максатында пайызы жок насыялар берилип жатат.
Бүгүнкү күнгө карата Жумгал району боюнча бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу 943 үй бүлөдө тарбияланып жаткан 3 жашка чейинки 1030 балага 3 000 (үч миң) сомдон жөлөкпул дайындалды.
Мамлекеттин эң чоң байлыгы – бул биздин элибиз. Бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттын эң негизги багыты да элдин саламаттыгына бурулууда, айрыкча оор климаттык шарттагы калкыбыздын саламаттыгына кам көрүү абдан зарыл болуп турат. Ошондуктан өмүр сакчыларынын айлык маяналарын апрель айынан тарта 100%га көбөйттүк.
Ал эми райондун саламаттык сактоо тармагы боюнча акыркы 5 жылда 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мекемеси, 2 чарбалык имарат курулса, 4 мекеме капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Мындан сырткары, УЗИ аппараты, лоркомбайн, рентген сыяктуу медициналык жабдуулар, 5 медициналык унаа алынган. Көкөй кести болгон кадр маселеси республика боюнча көйгөй болуп жатканын жакшы билесиздер деп ойлойм.
Бирок бул жаатта комплекстүү чаралар көрүлүүдө. Буюрса, бул маселени да бара-бара чечебиз.
Жумгал району боюнча 2020-жылдан тартып 7 мектеп жана 2 бала бакча курулду, ошондой эле 445 мугалим ноутбук менен камсыздалды.
Бүгүнкү жолугушуудан пайдаланып, районго дайындалган жаңы акимге ийгиликтерди каалоо менен бирге, бир катар жергиликтүү маанидеги маселелерге көңүл бурууну тапшыра кетейин. Жергиликтүү маанидеги маселелерди менин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүм – губернатор сиздер менен жолугушууда жазып алып, чечүү жолдорун пландаштарып жатат. Ошетсе да район акими Миң-Куш жактагы айылдардын таштанды таштоочу жайын уюштуруу, чабандардын жайыттарынын чектерин аныктоо, районго сырттан тартылган дарыгерлердин турак жай менен камсыздоо жана башка жергиликтүү маселелерди тез арада чечип бериңиз.
Бүгүнкү жолугушуунун урматтуу катышуучулары!
Алдыда сиздердин райондун өнүктүрүү багытында дагы бир катар иштерди жасоону мерчемдеп жатабыз. Чаек айылынын борбордук көчөсүнүн 7- чакырымына толук курулуш иштери жүргүзүлүп, 4 тилкелүү асфальт басылат. Ошондой эле райондо Калкты тейлөө борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды. Мындан сырткары, Президенттик фонддон 30 млн сом акча каражатына атайын техникаларды алып берип жатабыз.
Мына ушул сыяктуу иш-аракеттер мамлекеттин башаты болгон айыл аймактарын өнүктүрүү менен көптөгөн ийгиликтерге жол ачылат деген ишеничтемин.”
Анда соң жолугушуу “Суроо-жооп” форматында уланды.