КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана атайын операциялык иш-чаралардын комплексинин жүрүшүндө афган тектүү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарган эл аралык туруктуу трансулуттук баңгизат тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Тергөөдө аныкталгандай, кылмыштуу түзүм Ооганстан Ислам Эмиратынын аймагынан ири көлөмдөгү баңгизаттарды туруктуу транзиттик маршруттар аркылуу бир катар мамлекеттерден өткөрүп, Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз ташууну жана андан ары коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү уюштуруп келген.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандардан турган баңгизат тармагынын ишмердүүлүгү документтештирилди.

Аталган адамдар баңгизат каражаттарын ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенип, ошондой эле өлкө аймагындагы транзиттик өткөрүүчү түйүндүн үзгүлтүксүз иштешин камсыздап турушкан.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарын (БПЛА) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кинологдорун тартуу менен заманбап техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө баңгизаттарды ташуу маршруттары, кылмыштуу схеманын катышуучуларынын ролдору жана эл аралык логистикалык чынжырдын негизги элементтери аныкталды.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн ири көлөмдөгү — 50 килограмм баңгизат каражаты алынды.
Аталган кылмыштуу ишке катыштыгы бар деп шектелип, КР УКМКнын тергөө абагына эки Кыргыз Республикасынын жараны киргизилди.
Учурда трансулуттук баңгизат тобунун бардык мүчөлөрүн аныктоо жана эл аралык баңгизат трафигинин калган каналдарын толук токтотууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар активдүү түрдө жүргүзүлүп жатат.
КР УКМК эл аралык баңгизат каналдарын жоюу жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы системалуу жана максаттуу иштерин улантат.

