Бишкекте климаттык тобокелдиктерди азайтуу боюнча аймактык диалог башталды


Кыргыз Республикасынын борборунда «Саясаттарды шайкеш келтирүү, жол картасын жана биргелешкен аракеттерди координациялоо үчүн санариптик инструменттерди иштеп чыгуу» аттуу регионалдык диалог өз ишин баштады. Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, илимий чөйрөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, климаттык тобокелдиктерди азайтуу жана ландшафттарды туруктуу башкаруу боюнча биргелешкен чечимдерди талкуулоодо.

Иш-чара «Борбор Азиядагы туруктуу ландшафттарды калыбына келтирүү» (RESILAND CA+) программасынын алкагында өтүп жатат жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Борбор Азиянын Регионалдык экологиялык борбору (РЭББА) менен биргеликте уюштурулган.

Диалогдун ишине Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, анын ичинде Дүйнөлүк банктын, ФАОнун жана ПРООНдун өкүлдөрү катышууда. Үч күндүн ичинде катышуучулар климаттык факторлордон улам келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү жана жаратылыш ландшафттарынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча регионалдык кызматташуунун практикалык механизмдерин талкуулашат.

Борбор Азия климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине эң көп дуушар болгон аймактардын бири болуп саналат. Селдердин, суу ташкындарынын, кургакчылыктын жана башка кооптуу жаратылыш кубулуштарынын көбөйүшү улуттук деңгээлдеги чаралар менен гана чектелбестен, макулдашылган регионалдык ыкмаларды талап кылууда. Климаттык коркунучтардын көбү трансчек аралык мүнөзгө ээ болуп, бир нече мамлекеттин кызыкчылыктарына түздөн-түз таасир этет.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшү, жерлердин деградациясы жана трансчек аралык табигый кырсыктардын көбөйүшү Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусун күчөтүүнү жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууну талап кыларын белгиледи.

«Бүгүн биз жөн гана документтерди жана инструменттерди талкуулап жаткан жокпуз. Биз Борбор Азия өлкөлөрүнө келечектеги климаттык чакырыктарга биргелешип жооп берүүгө мүмкүндүк бере турган регионалдык кызматташуунун жаңы моделинин пайдубалын түптөп жатабыз. Кыргыз Республикасы үчүн маалыматтарды өз убагында алмашууну камсыз кылган, өзгөчө кырдаалдарды болжолдоонун сапатын жогорулаткан жана улуттук да, регионалдык да деңгээлде илимий негизделген чечимдерди кабыл алууну күчөткөн заманбап санариптик платформаларды жана билимдерди башкаруу системаларын өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ», — деди Акылбек Мазарипов.

Биринчи күндүн негизги темасы трансчек аралык селдердин жана суу ташкындарынын тобокелдиктерин азайтуу боюнча Регионалдык жол картасын жана артыкчылыктуу иш-чараларды ишке ашыруунун инвестициялык планын иштеп чыгуу болду. Катышуучулар биргелешкен аракеттерди координациялоо механизмдерин, каржылоо маселелерин жана Борбор Азиядагы эң кооптуу трансчек аралык бассейндерде кырсык коркунучун азайтуу боюнча бирдиктүү мамилени калыптандыруунун келечегин талкуулашты.

Ошондой эле Борбор Азиядагы учурдагы жана болжолдонуп жаткан климаттык шарттарга байланыштуу трансчек аралык табигый кырсыктардын Регионалдык онлайн-каталогуна өзгөчө көңүл бурулду. Бул жаңы санариптик инструмент аймактагы өлкөлөрдүн маалыматтарын бириктирүүгө, жаратылыш коркунучтарына мониторинг жүргүзүүнүн сапатын жакшыртууга жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Биринчи күндүн өзүнчө бөлүгү Кыргызстандагы KG RESILAND долбоорунун ишке ашырылышынын практикалык жыйынтыктарына арналды. Бүгүнкү күндө долбоор мониторинг системаларын модернизациялоо, санариптик технологияларды киргизүү, регионалдык кызматташууну өнүктүрүү жана аймактардын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды бириктирет.

«Бүгүн долбоордун алкагында мөңгүлөргө, кар катмарына, сел жана суу ташкыны процесстерине мониторинг жүргүзүүнүн заманбап системалары түзүлүүдө, санариптик платформалар өнүктүрүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын потенциалы чыңдалууда. Бул иштердин бардыгы болжолдоонун сапатын жогорулатууга жана климаттык тобокелдиктерди кыйла натыйжалуу башкарууга багытталган», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын ӨКМинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директорунун орун басары Чынара Бербаева.

Диалогдун катышуучулары Борбор Азиянын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатуу регионалдык кызматташтыкты бекемдебей, маалымат алмашууну өнүктүрбөй жана жаратылыш коркунучтарынын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды пландаштырбай туруп мүмкүн эместигин белгилешти.

«Борбор Азия жалпы климаттык чакырыктарга туш болууда жана аларга жооп дагы жалпы болушу керек. Туруктуу ландшафттарды калыбына келтирүү климаттык тобокелдиктерди түшүнүүсүз мүмкүн эмес, ал эми климаттык тобокелдиктерди азайтуу маалыматтарсыз, координациясыз жана өлкөлөрдүн ортосундагы ишенимсиз ишке ашпайт. Ошондуктан бүгүн талкууланып жаткан Регионалдык жол картасы жана санариптик инструменттер өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттерин координациялоонун практикалык негизи болуп кызмат кылууга тийиш», — деп баса белгиледи Борбор Азиянын Регионалдык экологиялык борборунун аткаруучу директору Батыр Мамедов.

Регионалдык диалог өз ишин 25–26-июнда улантат. Кийинки сессиялар ландшафттык саясаттарды шайкеш келтирүүгө, жаратылышка негизделген чечимдерди өнүктүрүүгө, өлкөлөрдүн тажрыйба алмашуусуна, ошондой эле билимдерди башкаруунун жана регионалдык кызматташуунун заманбап санариптик инструменттерине арналат.