25-июнга карата аба ырайы


Бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 27…32, Талас облусунда 29…34, Ысык-Көл жеринде 20…25, Нарын өрөөнүндө 23…28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 32…37 градус ысык болот.
Абанын табы Бишкекте 30…32, Ош калаасында 34…36, Чолпон-Ата шаарында 20…22 градусту түзөт.