Бул тууралуу мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы билдирди. Буга чейин соцтармактарда айрым май куюучу бекеттерде АИ-95 жок болуп жатканы айтылган.
Канатбек Эшатов бул маалыматты тастыктап, Россиядагы мунай иштетүүчү заводдор дрон чабуулдарына кабылганына байланыштуу абал оорлоп кеткенин белгиледи.
“Азыр мунай ташуучулар Россиянын заводдорунан АИ-95 издеп жатышат. Ошол эле учурда анын керектөө көлөмү анча чоң эмес, негизинен АИ-92 колдонулат. Ал эми АИ-92 жана дизель майы боюнча маселе жок”, — деди Эшатов.

