2026-жылдын 25-26-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Аскердик-медициналык кызматынын базасында КР Эндоскопиялык хирургдар ассоциациясы менен биргеликте «Тянь-Шань: Эндоскопиянын жаңы горизонттору» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Ал эндоскопиялык жана аз инвазивдүү хирургия тармагындагы алдыңкы ата мекендик жана чет элдик адистердин башын бириктирди.

Конференциянын алкагында КР УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын хирургдары кыргызстандык жана чет өлкөлүк кесиптештери менен биргеликте мастер-класстарды өткөрүп, заманбап эндоскопиялык жана аз инвазивдүү операцияларды жасап, ошондой эле хирургиялык дарылоонун заманбап ыкмалары боюнча тажрыйба алмашууда.
Программанын негизги бөлүктөрүнүн бири — операцияларды Live Surgery (Түз эфирдеги хирургия) форматында өткөрүү. Мында Аскердик-медициналык кызматтын операциялык блокторунан хирургиялык процесстер реалдуу убакыт режиминде түз эфир аркылуу конференция залына көрсөтүлүүдө. Ал жерде жүздөн ашык дарыгер операциянын жүрүшүнө байкоо салып, анын өзгөчөлүктөрүн жана заманбап дарылоо ыкмаларын талкуулап жатышат.
Конференция учурунда бир катар татаал операциялар жасалууда, алардын айрымдары Кыргызстанда алгачкы жолу ишке ашырылып жатат. Бул ата мекендик хирургиянын өнүгүшүнө, заманбап медициналык технологиялардын кирүүсүнө жана практик адистердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын алкагында жасалып жаткан бардык операциялар кайрымдуулук негизинде өтүп, бейтаптарга квалификациялуу хирургиялык жардамды акысыз алууга мүмкүнчүлүк берилди.


