Жаш балдардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыштар коом үчүн эң кооптуу жана оор кылмыштардын бири болуп эсептелет.
Мындай кылмыштар баланын психологиясына, ден-соолугуна жана келечектеги жашоосуна чоң зыян келтирет. Ошондой эле, инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы аракеттер коомдогу моралдык баалуулуктардын төмөндөшүнө алып келет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жашы жете электердин укуктарын коргоо жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча бир катар иштерди жүргүзүп келет.
Прокуратура органдары тарабына жыныстык мүнөздөгү кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуу жана өз убагында тергелишин көзөмөлдөп, тергөөнүн жүрүшүндө баланын укуктарынын бузулбашына өзгөчө көңүл бурулат.
Мектептерде, бала бакчаларда, интернаттарда жана башка мекемелерде балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышына текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет жана алдын алуу чаралары жүргүзүлөт.
Акыркы жылдары социалдык тармактар аркылуу жаш балдарды азгыруу, порнографиялык материалдарды таратуу фактылары көбөйүүдө.
2025-жыл ичинде республика боюнча жалпы 1671 жаш өспүрүмгө карата ар кандай категориядагы кылмыш иштери жасалган. Бул көрсөткүчтөр жылдан жылдан жылга көбөйүп жаткандыгы көйгөйдү жаратат.
Прокуратура органдары ички иштер органдары менен биргеликте мындай кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, болтурбоо чараларын дайыма көрүп келет.
Жаш балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштардын көбөйүшүнө үй-бүлөдөгү көзөмөлдүн начардыгы, интернеттеги зыяндуу маалыматтар, ата-энелердин укуктук сабаттуулугунун төмөн болушу, спирт ичимдиктерин жана баңгизаттарды колдонуу, жумушсуздук жана социалдык көйгөйлөр жана адеп-ахлактык баалуулуктардын төмөндөшү таасир берет.
Кылмыштардын санын азайтуу жана аларды алдын алуу үчүн үй-бүлөдөгү тарбиянын сапаты, ата-энелердин балдарга болгон жоопкерчиликтүү мамилеси, үй-бүлөдөгү өз ара түшүнүшүү жана тартип, ошондой эле балдардын интернет тармактарындагы жүрүм-турумун үзгүлтүксүз көзөмөлдөө өзгөчө маанилүү.
Жазаны катаалдаштыруу балдарга каршы жыныстык кылмыш жасаган адамдарга карата мыйзамдагы жоопкерчиликти күчөтүү кылмыштуулукту алдын алууга жардам берет.
Балдар улуттун келечеги. Андыктан, алардын укугун коргоо, сапаттуу тарбия берүү ар бир ата-эненин, билим берүү мекемелеринин жана ар бир жарандын милдети болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасынын
башкармалыгынын улук прокурору А.Дүйшекеев

