Бүгүн өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +31…+36, Таласта +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көл аймагында +25…+30, Нарын регионунда +24…+29 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34…+36, Ош калаасында +35…+37, Чолпон-Ата шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт.

