Ысык-Атада бала бакча мамлекетке кайтарылды


Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Үч-Эмчек айылында жайгашкан бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон жер тилкеси 1992-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

«Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында 20 млн сомго бааланган жогоруда аталган бала бакчанын имараты жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды», — деп айтылат маалыматта.