Бишкекте 1-июлдан тарта сууга жана канализацияга болгон тарифтер көтөрүлөт.
Шаардык кеңештин чечимине ылайык, таза суунун бир кубометринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго, ал эми канализация (саркынды суу) кызматы 3,45 сомдон 6,8 сомго чейин жогорулады.
Тарифтерди көтөрүү долбоорун буга чейин Бишкек шаардык кеңешине борбор калаанын мэриясы сунуштаган. Муниципалитет бул кадамды шаардагы суу түтүктөрүнүн эскиргени жана чыгымдар менен жүктөмдүн өсүшүнөн улам “Бишкексууканал” ишканасы каржылык кыйынчылыктарга туш болуп жатканы менен түшүндүргөн.

