Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Таласта +23…+28, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын регионунда +23…+28 градуска жетет.
Түнкүсүн өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Бишкек, Ош, Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометр борбор калаада +28…+30, Ошто +31…+33, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градусту көрсөтөт.

