Баш прокурордун милдетин убактылуу Малик Бектурганов аткарат


Кыргызстандын баш прокурорунун милдетин убактылуу аткаруу Бектурганов Малик Маамыталиевичке жүктөлдү. Бул тууралуу маалымат “Ынтымак Ордонун” сайтына жарыяланды.

Тиешелүү буйрукка 30-июнда президент Садыр Жапаров кол койду.

Бектурганов 51 жашта, юстициянын генерал-майору. Ал баш прокурордун биринчи орун басарлыгына быйыл 14-февралда дайындалган.

Бектурганов Фрунзе шаарында туулган, Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Баш калаанын райондук, шаардык прокуратураларында, Башкы прокуратурада эмгектенген.

2018–2021-жылдары Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, 2021–2022-жылдары Жалал-Абад (азыркы Манас) шаарынын прокурору, 2022–2024-жылдары Ош шаарынын прокурору, 2024-жылдан бери башкы прокурордун орун басары болуп иштеген