Таласта ири өлчөмдөгү баңгизаттар жана мыйзамсыз курал-жарактар алынды


2025-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери баңгизаттардын ири партиясын аныктоо жана алуу боюнча ийгиликтүү операция жүргүзүштү.

Буга чейин ИИМдин БМЖКККга Талас облусунун тургуну, 1974-жылы туулган К.Ж.С. аттуу жаран баңгизаттарды үйүндө сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 3-бөлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2025-жылдын 23-январында Бакай-Ата РИИБдин тергөө кызматынын кызматкерлери ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте тергөө-ыкчам иш-чаралардын комплексин жүргүзүшкөн.

Кармалган жарандын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда сарайдагы флягага катылган жашыл түстөгү жапайы кара куурай, ошондой эле өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү бангизаттар табылган. Эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, алынган баңгизаттар – марихуана болуп саналат, анын жалпы салмагы 5 кг 560 гр түздү.

Мындан тышкары, К.Ж.С. аттуу жарандын үйүнөн тинтүү учурунда тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок эки ок атуучу курал табылып алынган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процецуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык К.Ж.С. аттуу жаран Талас ОИИБдин Убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.