мурдагыдай арызды кагазга жазып, почта аркылуу же президенттин администрациясына барып тапшыруунун кажети жок. Бардык жараян толугу менен онлайн-форматка өткөрүлдү;
жарандар өз көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин жазуу түрүндө гана жөнөтпөстөн, ага тиешелүү болгон расмий документтерди, сүрөттөрдү же башка далилдерди тиркей алышат;
санариптик тутум аркылуу жөнөтүлгөн ар бир кат расмий каттоодон өтөт. Бул кайрылуулардын жоголуп кетүү тобокелдигин жоюп, алардын каралуу мөөнөтүн көзөмөлдөөгө шарт түзөт;
маалым болгондой, бул кызмат жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара байланышын жеңилдетүүгө, калктын үнүн бийликтин жогорку бутактарына тез жеткирүүгө жана арыздарды кабыл алуу тутумун заманбап кылууга багытталган.

