Айыл чарбасы боюнча суроолор үчүн акысыз байланыш номери иштеп жатат


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандар үчүн 1210 бирдиктүү колл-борбору туруктуу негизде иштеп жатканын эскертет.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул байланыш номери аркылуу жарандар жана фермерлер мамлекеттик колдоо программалары боюнча ыкчам маалымат жана төмөнкү багыттар боюнча кеңеш ала алышат:

  • жеңилдетилген насыялар жана субсидиялар;
  • айыл чарба техникаларын лизингге алуу шарттары;
  • ирригация (сугат суу) жана өсүмдүктөрдү коргоо;
  • ветеринария жана асыл тукум чарбачылыгы;
  • продукцияны кайра иштетүү, сертификаттоо жана экспорт маселелери.

Колл-борбор иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин билдирүүлөрдү кабыл алат. Чалуу акысыз.