Лейлек району «Акылман» Президенттик лицейине кабыл алынган окуучулардын саны боюнча биринчи орунду ээледи. Мындай маалымат менен Лейлек райондук билим берүү бөлүмү Facebook социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Лейлек районунун жалпы билим берүү уюмдарынын 6-класстарынын окуучулары арасында өткөрүлгөн тандоонун жыйынтыгында «Акылман» лицейине жалпы 20 окуучу ийгиликтүү кабыл алынды.
Жыйынтыгында, Лейлек району Баткен облусу боюнча «Акылман» лицейине кабыл алынган окуучулардын саны боюнча биринчи орунду ээледи.
«Акылман» лицейине кабыл алынган окуучулар:
1. Адилбаева Айжамал — №2 жалпы билим берүү мекемеси
2. Джумакулова Асима — А. Навои атындагы жалпы билим берүү мектеби
3. Каримбердиева Айзат — «Маданият» мектеби
4. Алимбеков Байел — Эйм Скулз Раззаков
5. Абдурашидов Аскар — Эйм Скулз Раззаков
6. Абдиматова Марьям — №1 жалпы билим берүү мектеби
7. Тажибаева Асенат — №1 жалпы билим берүү мектеби
8. Наркулова Медина — Набиев атындагы жалпы билим берүү мектеби
9. Коңурбаев Үсөн — Эйм Скулз Раззаков
10. Муратов Атай — Эйм Скулз Раззаков
11. Омурзаков Адылбек — Эйм Скулз Раззаков
12. Раимбердиева Салиха — «Маданият» мектеби
13. Авазкулов Эрмек — №1 жалпы билим берүү мектеби
14. Юлдашева Аяна
15. Келдибекеова Сумая — А. Навои атындагы жалпы билим берүү мектеби
16. Аскарбекова Раяна — А. Навои атындагы жалпы билим берүү мектеби
17. Гурбаева Фатима — «Маданият» жалпы билим берүү мектеби
18. Адилбаева Мунира — №2 жалпы билим берүү мектеби
19. Мухтаралиев Нурислам — №2 жалпы билим берүү мектеби
20. Умаркулов Нурислам — А. Навои атындагы жалпы билим берүү мектеби
Бул жетишкендик – окуучулардын максаттуу аракетинин, мугалимдердин кесипкөйлүгүнүн жана ата-энелердин колдоосунун үзүрү.
Лейлек райондук билим берүү бөлүмү бардык окуучуларды, алардын ата-энелерин жана мугалимдерин чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы окууларында жана турмуш жолунда ийгиликтерди каалайт» — деп жазылган маалыматта.

