Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Жаштык айылынын тургуну Авазбек Данилов “Баба дыйкан” фермер чарбасын түптөн, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан №309 токтомдун негизинде 8 гектар жер алып, дарбыз эккен. Бүгүнкү күндө дарбыз бышып, терүү алдында турат.
“Болжолдуу 250 тонна дарбыз бар деп эсептеп жатабыз. Манас шаарында дарбыздын дүң баасы 1 килосу 25 сомдон экен. Ошол жакка алып барып сатабыз, талаадан 23 сомдон сурап жатышат. Биринчи базарга алып барып сатып көрөбүз, ошого жараша кийинкисин же базарга же талаадан сатабыз”, — деди ал.
Дыйкан эмдиги жылы дагы барбыз эгип, экспортко чыгарууну көздөөдө. Анын айтымында, ички базарда дагы, чет өлкөлөрдө дагы дайыма дарбызга суроо-талап жогору болот.

