Агартуу министрлиги: «Кут Билим» комплексинин директору жумуштан бошотулду


Социалдык тармактарда мектеп окуучусунун сабалышы боюнча тараган видео тасмага байланыштуу Агартуу министрлиги расмий билдирүү таратты.

Ага ылайык, аталган окуя 29-майда Жети-Өгүз районундагы жеке менчик «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинде катталган.

«Учурда бул факт боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан тийиштүү териштирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле мектепте окуучулардын ата-энелери менен атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул окуядан кийин аталган билим берүү мекемесинин мурдагы директору ээлеген кызматынан бошотулду. Учурда окуу-тарбия комплексинде жаңы дайындалган директор иш алып барууда.