Шашылыш билдирүү! 13-июлга чейин сел коркунучу сакталууда


Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу узартылды. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 9-июлдан 13-июлга чейин өлкө аймагында абанын температурасы кескин жогорулап, тоолордо мөңгүлөрдүн эриши күтүлүүдө. Мындан улам айрым жерлерде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

«Коопсуздук эрежелерин сактоого, сел кооптуулугу бар аймактарда этият болууга жана зарылчылык болбосо тоолуу жолдорго чыкпоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.