Чүйдө ижарага алган 218 миң долларлык самосвалдарды 90 миң АКШ долларына сатып жиберген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февралда «Сбербанк Лизинг» компаниясынын жумушчулары милицияга арыз жазышкан. Анда 2023-жылдын 28-сентябрында 218 миң АКШ доллар турган эки самосвалга ижара келишимин түзүп, Орусиядан Кыргызстандын аймагына алып чыккан. Келишимге ылайык, 2024-жылдын 16-январынан кечиктирилбестен Орусияга кайра алып келиши керек болчу. Бирок 2024-жылдын июлунда самосвалдарда орнотулган автономдуу ыкчам-издөө маяктарын өчүрүп, ар бир самосвалды 45 000 АКШ долларына сатып жиберген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү 1982-жылы туулган жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан сатылган самосвалдар алынып, буюм далили катары табылып, адистештирилген унаа токтотуучу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

