Жумгалда 2 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү


Жумгал районунун аймагында курамында баңгизат бар өсүмдүктөрдү жок кылуу максатында тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Нарын облустук милициясынын маалыматына караганда, анын жүрүшүндө район аймагынан табылган жалпы салмагы 2 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай белгиленген тартипте өрттөлүп, жок кылынды.

Мындай иш-чаралар баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.