Аялын атып өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды


Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 10-июлда ИИМдин ЖКККББнын мурдагы инспектору, 1977-жылы туулган Бакыт Урустемовду Кылмыш-жаза кодексинин өзгөчө катаалдык менен киши өлтүрүү жана алсыз же көз каранды абалда турган адамды кыйноо беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу жана жабырлануучу тарапка 1 миллион сом моралдык кенемте төлөп берүү өкүмүн чыгарды.

Эске салсак, 2025-жылдын 23-декабрында, өзүнүн туулган күнүндө КЭУнун окутуучусу Жибек Урустемова мурунку күйөөсү Бакыт Урустемов тарабынан атып өлтүрүлгөн жана анын артында башталгыч класста окуган кенжелери менен бирге үч уул баласы энесиз калган. Бул кылмыш коомчулукта чоң резонанс жаратып, ишти УКМК иликтей баштагандан кийин эки милиция кызматкери кармалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Свердлов РИИБдин участкалык милиционери өзүнүн шалаакылыгын жашыруу үчүн Урустемовдун жашаган жери боюнча текшерүү жүргүзүлгөнү тууралуу актыларды арткы дата менен жасалмалап жазганы, ал эми Бишкек ШИИБдин инспектору айыпталуучуга травматикалык куралды сактоого жана алып жүрүүгө мыйзамсыз уруксат берип, анын мөөнөтүн узартып жүргөнү аныкталган.