Караколдо гүл саткан жерлер текшерилди


Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы агроаптекаларда жана гүл саткан соода жайларында мониторинг жүргүзүштү.

Учурда Каракол шаарында 13 агроаптека жана 16 гүл саткан дүкөн иш алып барат. Мониторингдин алкагында фитосанитардык талаптардын сакталышы, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын сатууга тиешелүү уруксат берүүчү документтердин жана фитосанитардык сертификаттардын болушуна көңүл бурулду.

Мониторингдин жыйынтыгында талаптарды толук сактабаган айрым ишкердик субъектилеринин ээлерине мыйзамдардын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу боюнча сунуштар берилди.

Мындай мониторингдер фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу, өсүмдүктөрдүн зыянкечтери менен илдеттеринин жайылышына жол бербөө жана ишкерлердин мыйзам талаптарын сактоосун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.