Бишкек шаардык сот аны мурда күнөөлөнгөн “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси боюнча актады. Жыйынтыгында Ташов мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги түзөтүү абагында 8 жыл жаза өтөйт.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту аны 9 жылга эркинен ажыраткан.
Имамидин Ташов бийликти күч менен басып алууга даярданган деп айыпталууда. Соттук териштирүү учурунда ал күнөөсүн мойнуна алган эмес.

