24-июлга карата аба ырайы


Бүгүн Чүй, Ысык-Көлдүн көпчүлүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Таласта +27…+32, Ысык-Көлдө +20…+25, Нарын регионунда +21…+26 градус ысыйт.
Бул күнү Бишкек, Ош шааларында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31…+33, Ошто +33…+35, ал эми Чолпон-Атада +23…+25 градуска жетет.