Бүгүн 24-июлда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Бишкек шаарындагы «Wool KG» жүн иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкана жергиликтүү жүндү кабыл алуу, жуу, кайра иштетүү жана тарак жүнүн өндүрүү менен алектенип, өндүрүштү кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күндө ишкана жылына 400 тоннага жакын жүндү Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы фермерлерден жана даярдоочулардан сатып алып, 71 адамды жумуш менен камсыздап келет. Өндүрүштү кеңейтүүнүн алкагында дагы 50дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзүү каралууда. Бул долбоор ата мекендик чийки затты өлкө ичинде кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүп, кошумча наркты жогорулатууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Министр Эрлист Акунбеков ишкананын өндүрүш процесси менен таанышып, жүндү терең кайра иштетүүнү өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. «Биздин негизги максат — чийки затты сыртка чыгарбай, аны өлкө ичинде кайра иштетип, даяр продукцияны көбөйтүү. Бул фермерлер үчүн туруктуу рынок түзүп, жаңы жумуш орундарын ачууга жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө кызмат кылат. Министрлик мындай демилгелерди мындан ары да колдоого даяр», — деди министр.

