Бишкек шаарындагы № 57 мектептин окуучулары зомбулукка каршы видео-ролик чыгарышты


Акыркы күндөрү Кыргызстандын мектептеринде тилекке каршы рэкеттен жабырган окуялар, зордук-зомбулуктар, өтө кайгылуу, өкүнүчтүү окуялар  катталууда.

Бишкек шаарындагы № 57 мектептин окуучулары зордук-зомбулукка жана рэкетчиликке каршы атайын видео-ролик тартып коомчулукка тартуулашты.

Видеодо рэкеттен жабыркаган балдар тууралуу тартылып, аягында  мектептерде рэкетчиликке жол жок, сый-урмат,  бирин-бири түшүнүү керектиги менен жыйынтыкташкан.

Ар бир мектеп окуучусу эч кандай коркунуч, зордук – зомбулук жок окушу керек жана баарыбыз биригип рэкетчиликти  токтото алабыз дешкен.

#Зомбулуккажолжок #Рекетчиликтибиргежеңебиз