Бүгүн айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Таласта +30…+35, Ысык-Көлдө +26…+31, Нарын регионунда +27…+32 градус ысык болот.
Чолпон-Атада күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү борбор каалада +34…+36, Ошто +37…+39, ал эми Чолпон-Атада +28…+30 градуска жетет.

