Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда таш тазаланууда, жол бир тараптуу ачык


Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-августка караган түн саат 00:00 – 03:00 чамасында аталган жолдун 138-139-чакырымында таш түшкөн.

«Учурда жолдун бир тилкеси аркылуу транспорт каражаттарынын кыймылы уюштурулуп, жол бир тараптуу ачык. Жерине 1 жүктөгүч, 1 автогрейдер, 4 экскаватор жана 4 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа тартылып, жолду тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Жолду толугу менен ачуу боюнча иштер уланууда.

Министрлик айдоочуларды этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону жана убактылуу киргизилген чектөөлөрдү эске алууну өтүнөт.