Бүгүн 4-августта МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине машиналарды жана жабдууларды жеткирүү боюнча долбоорду тышкы ишке ашыруу келишимине кол коюлду.
Долбоор Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу боюнча 2015-жылдын 26-мартындагы макулдашуунун алкагында жүзөгө ашырылат. Гранттык жардамдын негизинде министрликке жалпы баасы 148,9 млн кытай юанын түзгөн 370 даана атайын техника жеткирилет.
Алар Суу ресурстары кызматынын ирригациялык каналдарды механикалаштырылган тазалоо иштерин жүргүзгөн бөлүмдөрүнө арналган.
Жеткирилүүчү техникалар өлкө боюнча Суу ресурстары кызматынын 7 облустук жана 40 райондук суу чарба башкармалыктарына бөлүштүрүлөт. Долбоорду ишке ашыруу ирригациялык инфраструктураны тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртууга жана өлкөнүн суу чарба тармагын модернизациялоого олуттуу салым кошот.


