Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айыл аймактарында жайгашкан объектилерге инвентаризация жүргүзүлдү.
Министрлик тараткан маалыматка ылайык, инвентаризацияда кум-шагыл аралашмасын казып алуу жана иштетүү менен байланышкан объектилер текшерилди. Алардын катарында бетон аралаштыргыч орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ), ошондой эле кирпич заводу бар.
Инвентаризациянын жыйынтыгында жалпы 18 объект текшерилип, алардын жетөө мыйзамдуу негизде иш жүргүзүп жатканы аныкталды. Калган объектилерде шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын сакталышы, ошондой эле тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтердин болушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
«Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата административдик чаралар көрүлүп, жалпы суммасы 1 000 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан сырткары “Сэнд”, “Авира Групп”, “Масер Микс”, “Вайлер Строй” жана “Жагалман” ЖЧКларынын ишмердүүлүгү да каралды», — деп жазылат маалыматта.
Калган объектилер боюнча текшерүү иштери улантылууда.

