11-августка карата аба ырайы


Шейшембиде республиканын айрым аймактарында жаан-чачын жаайт. Айрыкча Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу болорун Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Таласта +29…+34, Ысык-Көл облусунда +21…+26, Нарын регионунда +20…+25 градуска жетет.
Ал эми Бишкекте термометрдин көрсөткүчү +35…+37, Ош шаарында +36…+38, Чолпон-Атада +22…+24 градусту көрсөтөт.