Мамлекеттик цирк маданият министрлигинин түзүмүнөн чыгарылды


Бишкек шаарындагы Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чыгарган токтом 28-февралда жарыяланды.

Ага ылайык, цирк эми мамлекеттик ишкана болуп түзүлүп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өтөт.

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки 1962-жылы түзүлүп, имараты 1976-жылы курулган.