Баткенде дарыяга агып кеткен 48 жаштагы жаран изделүүдө

Screenshot

Баткен облусунун Баткен районунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен 48 жаштагы эркек кишини издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Алдын ала маалымат боюнча, 2026-жылдын 10-августунда саат 18:00 чамасында Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын Кожешкен жерлигинде 48 жаштагы эркек киши Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен.

Анын аты елген абалда табылып, жаран езу табыла элек.

11-августта жаранды издөө иштерине ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынан, ИИМден жана жергиликтүү тургундардан жалпы 24 адам тартылган.

12-августта издөө иштерине кошумча Баткен району боюнча ӨКБнын №106 ӨКБдан 11 куткаруучу, №26 ӨКБдан 5 куткаруучу, РОКОнун №3 ФИКОдон 9 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

Мындан тышкары, издөө иштеринде ИИМден эки, ӨКМден бир дрон колдонулууда.

Жаранды издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.