Чүйдө 3 миң тонна балыкты кайра иштетүүчү завод ишке кирет


Аламүдүн районундагы «Салих Аква» комплекси жылына 3 миң тонна балыкты терең кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүгө даярданып жатат. Ишкана компаниянын өзүнүн гана эмес, өлкөдөгү башка чарбалардын балыгын да кайра иштетет.

Комплекс жылына 5 миң тонна балык тоютун өндүрүп, икра инкубациялоо, чабак өстүрүү жана балык чарбачылыгы менен алектенет. Мындан тышкары, компания Курпсай суу сактагычында форель, Сузак районунда осетр өстүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда.