Кыргызстанда «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуудагы ишмердүүлүгүндө бузуулар аныкталды. Жалпы зыян 137 миллион 950 миң сомду түздү.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2024–2026-жылдары айрым сатып алуулар медициналык уюмдардын иш жүзүндөгү муктаждыгын эске албай жүргүзүлгөн. Натыйжада, кампаларда олуттуу калдыктар топтолуп, продукциянын бир бөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен.
Атап айтканда, билдирилгендей, жалпы наркы 74,1 миллион сомдук 60 аталыштагы дары-дармектин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен. Алардын арасында – наркы 33,2 миллион сомдон ашык «Аспарагиназа» препаратынын 916 флакону бар. Мында препараттын бир бөлүгү сапатты баалоо жөнүндө корутундусуз эле медициналык мекемеге берилген.
Мындан тышкары, медициналык уюмдардын арыздары жок эле ири партиядагы медициналык буюмдар сатылып алынган. Кампаларда 14 миллионго жакын пробирка жана вакутайнер, 19 миллиондон ашык «бабочка» ийнелер калган.
Бул продукциянын наркы 63,8 миллион сомдон ашкан. Башкы прокуратуранын алдын ала маалыматы боюнча, мамлекетке келтирилген жалпы зыян 137 миллион 950 миң сомду түздү.
Аныкталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 339-беренеси («Атайылап пайдасыз келишим түзүү») менен кылмыш иши козголгондугу кабарланды.
Иш «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына жана башка адамдарга карата козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

